​Солтон-Сары: Чогулган эл талабы аткарылганча Кара-Чий айылында болот

  • 5 лет мурун

Солтон-Сарыда чогулган эл алар койгон талаптар аткарылганга чейин Нарын районундагы Кара-Чий айылында болорун айтышты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишин токтотуу талабы менен чогулган элдин жүйөлөрүн угуп, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү аталган аймакка барышкан.

Эки тараптуу сүйлөшүүдөн соң, талаптар угулуп, компания бир ай (териштирүү иштери бүткөнгө чейин) ишмердүүлүгүн токтотту.

Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү Нарын облусунда абал туруктуу, жол жабуу болбогонун айтты. Коомдук коопсуздукту укук коргоо органдарынын кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.

5-августта Солтон-Сары кенинде Нарын районунун тургундары чогулуп, кытайлык Zhong Ji Mining компаниясынын ишин токтотууну талап кылып чыгышкан.

Жергиликтүү калк менен кытай компаниясынын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, алар бири-бирине таш ыргытышкан. Анын натыйжасында жабыркагандар ооруканага жаткырылган.

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты