​Мамлекет аз камсыздалган үй-бүлө балдарына жеке бала бакчанын жарым баасын төлөп берет

  • 5 лет мурун

Мамлекет жеке бала бакчалардын кызмат акысынын 50%ын жабууну пландаштырып жатат.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кеңешмеде билдирди

Колдоону көп балалуу (беш жана андан ашык) жана социалдык аялуу үй-бүлөлөргө, ошондой эле багуучусун жоготкон үй-бүлөлөр жана айлык акысы 10-12 миңден төмөн болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ала алышат.

Ата-энелердин биринин I же II топтогу майыптыгы бар үй-бүлөлөр дагы өтүнмө калтыра алышат.

Кеңешмеде белгиленгендей, 2019-жылдын аягына чейин Бишкек шаарында жеке бала бакчаларга 1000 баланы, Ош шаарында 500 баланы жайгаштыруу пландалууда.

Бул үчүн жылына 48 млн сом талап кылынат.

Бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бала бакчалардын курулушу үчүн 10 жер тилкеси тандалган.

Планга ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча бардык бала бакчаларды борбор калаадагы жаңы конуштарда куруу пландалууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты