Сууга чөгүп кетишти
- 5 лет мурун
Ош шаарында Ак-Буура дайрасына 6-августта бир киши чөгүп кеткен. Ошондой эле Баткендин Бак айылындагы Лаган каналына да бир кыз чөгүп кеткен.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Саат 17:18де министрликтин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, саат 18:20да маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ошондой эле Баткен облусунун Кадамжай районунун Бак айылындагы Лаган каналына 2 кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Бирөөнү жергиликтүү тургундар куткарып калышкан, ал эми экинчисин издөөгө саат 17:38де 8 куткаруучу тартылып, саат 18:14тө жергиликтүү тургундар кыздын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.
Муну бөлүшүү