Бүгүн — Аида Салянованын туулган күнү

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 6-августта, мурдагы башпрокурор, «Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын туулган күнү.

«Оомал-төкмөл дүнүйө» дегендей, туулган күнүндө Аида Салянова темир тор артында отурат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко менен Каныбек Иманалиев Аида Салянованы темир тор артынан куттуктап, апакай 47 роза тартуулаганын билдиришти.

Шаардык сот мурдагы Баш прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин абакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

21-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Белгилүү криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу экс-баш прокурор Аида Салянова 4-июнда камакка алынган.

«Ата Мекен» фракциясыннын лидери Алмамбет Шыкмаматов фейсбук баракчасында мындай деп жазды:

«Аиданын күнөөсү, Батукаевдин чыгып кетишине тоскоолдук кыла албаганында, системага алы жетпей калгандыгында. Бул иште негизги күнөөлү фигуранттар эркиндикте жүрөт, ал эми системага туруштук бере албай калган экс- баш прокурор СИЗО-1де отурат. Айтор мыйзам буйлалаган төө болуп жаткандыгы айдан ачык».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты