​Кайгуул кызматкерлери каналда агып бараткан уланды сактап калды

  • 5 лет мурун

Кайгуул кызматкерлери каналда агып бараткан уланды сактап калды.

Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башка башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 6 – августта, болжол менен саат 07:10 чамасында Кайгуул кызматына жаңы кабыл алынып, ИИМ Академиясынын үч айлык курсунда окуп жаткан Нуржан Акылбеков, Эламан Абдраев, Каныбек Жусупов ИИМ Академиясынын нөөмөт бөлүмүнүн милиционер айдоочусу Азис Абасов окууга бара жатып, «Аламүдүн-1» кичи районунун каналында агып баратып, жардамга чакырган үндү угуп, дароо куткаруу үчүн чуркашкан.

Сууда агып бараткан баланы куткарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. «Тез жардам» чакыртылган.

21 жаштагы Д. Нурланов бутун жууп жатып, сууга агып кеткендигин билдирген. Ал медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп жатат.

Сүрөт: ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты