Сымап. Көрүнбөгөн коркунуч

Баяндар

Жылына 9 миң тоннага чейин сымап атмосфера,топурак жана сууга аралашып аны булгап жатат. Алар негизгинен алтын казып алууда, көмүрдү пайдаланууда, түстүү металл жана цемент өндүрүүдө жана тиричиликте колдонгон таштандылар: батарейка, сымап бар лампа, желим баштыктар. Булар жаратылышты миңдеген жылдарга ууландырып, адам ден соолугуна терс таасирин берип жатат деп экологдор коңгуроо кагышат.

Байыркы доорлордо сымап баалуу металл катары баркталган. Сымаптын тээ байыркы аталышы - меркуриус болгон. Ал күнгө жакын планета-Меркурийдин атын алган. Сымап илгерки заманда эле өтө активдүү колдонулган. Мисалы, косметика жасоодо, алтын казууда. Медицина илимдеринин кандидаты Игорь Хаджамбердиевдин айтымында, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 8 металлды уулуу деп аныктаган. Анын арасында сымап дагы бар.

Сымаптын ден соолукка зыяндуулугу чоң. Билинбей таасир берип олтуруп мээни жабыркатышы мүмкүн”,- дейт санитардык врач Бурул Жумаканова.

Анын айтымында, айрыкча боюнда бар аялдарга зыян. Боюнда бар эненин түйүлдүктөгү чел кабыгы аркылуу кирип балага терс таасирин тийгизген учурлар боюнча далилдер бар. Мындай баланын иммундук системасы коркунучка кептелип, жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болуп, бөйрөк, боор жабыр тартат.

Сымап кайсы буюмдарда бар?

Люминаценттик лампаларда, кадимки колдонуудагы батарейкаларда, дене тапты ченөөчү градусникте, кан басым ченөөчү шаймандарда жана, албетте, тамак-ашта бар. Айрыкча, чет жактан алынып келинген балыктарда көп кезигет.

Ал эми Кыргызстанга кирип жаткан буюмдарды, тамак-аш, косметикалардагы сымаптын өлчөмү талапка жооп береби? Ал саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин лабораториясында текшерилет.

Бул борбордун башчысы Айгүл Жумаканованын айтымында, тамак-аш жана косметика, сууда сымаптын өлчөмү нормадан ашып кетпегени текшерилет жана уруксат кагаздары берилет.

Таштанды көйгөйү чечилген эмес

Негизи сымап курамында бар таштандыларды өзүнчө бөлүп ыргытуу жагы Кыргызстанда жолго коюла элек. Ошондуктан сымап курамында бар батарейкалар, сынган градусник, лампочкалар кадимки эле таштандыга ыргытылат. Алар, албетте, уулуу заттарды, анын ичинде сымапты, бөлүп чыгарып абаны жана жаратылышты булгоодо. Ошондуктан, адистер Кыргызстан башка мамлекеттердей эле Минамат конвенциясын кабыл алыш керек деп эсептейт медицина тармагы боюнча эксперт Курманбек Турдалиев.

Анын айтымында, Минамат конвенциясы анын мүчө мамлекеттерине акырындып сымап өндүрүшүнөн жана аны пайдалануудан баш тартуу үчүн талапты коет жана ал өндүрүш орун алса дагы сымапты зыянсыздандыруу механизмдерин дагы талап кылат. Минамат конвенциясын кабыл алган Россия 2020-жылдан тарта сымапсыз өндүрүшкө өтүү жолдорун тандап жатат. Мисалы, тиричиликте колдонгон батарейкалардан, сымап курамында бар лампалардан баш тарта баштайт.

Минамат конценциясы кайдан келип чыккан?

1956-жылы Япониянын Минамат шаарчасында өтө чоң кырсык катталган. Япон эли аны үчүнчү атомдук бомбанын жарылышына теңешкен. Балык уулап жан баккан бул айылдын жашоочулары түшүнүксүз нерв ооруларына чалдыгышкан.

Жашоочуларды медициналык текшерүүдөн өткөргөндө, алардын канынан жана терисинен уулуу зат - сымаптын жогорку деңгээлде бар экени аныкталган. Натыйжада эл ууланган балыктан жабыркаганы белгилүү болгон. Жергиликтүү бийлик ошол аймактагы химиялык комбинаттан шек санашкан.

Текшере келгенде, ишкана чынында эле деңизге 300 тонна суюк сымап төккөнү ачыкка чыккан. Жалпысынан бир миң жети жүз адам сымапка ууланып, жабыркаган. Япониядагы Минамат трагедиясы дүйнөдөгү мамлекеттердин башын бириктирген.

Натыйжада БУУ демилгени көтөрүп, 2013-жылдын 10-октябрында эл аралык келишим кабыл алынган. Учурда 128 мамлекет ага кол коюшкан.

Бул эл аралык келишимге ылайык, 2020-жылы сымап курамында бар продуктуларды импорттоого, экспорттоого жана өндүрүүгө тыюу салынат.

Ага кадимки батарейкалар, люминесценттик лампалардын бир тобу; сымап градусниктери, кан басым өлчөй турган жабдыктар, самындардын жана косметиканын бир нече түрлөрү кирет.

Жалпысынан алганда Минамат конвенциясы бүгүнкү күндө экологияны коргоого, адамзаттын ден соолугуна кам көрүүгө чакырык таштайт. Минамат Конвенциясын Россия, Кытай, АКШ жана башка ири мамлекеттердин 128си колдоп, кабыл алышкан. Борбор Азиядамамлекеттери арасынан Казакстан, Таджикистан, Өзбекстан жана, албетте, биздин өлкө Кыргызстан конвенцияны кабыл ала элек.

Адистер башкалар менен кошо биз дагы бул кадамга барсак келечек үчүн жакшы болмок дешет. Жаратылышыбыз коркунучка кептелбей, адам ден соолугу зыян тартмак эмес. Андан сырткары, сымапты колдонгондон кийин жок кылуу маселесин чече турган каражатты дагы табууга жол ачылмак.

БаяндарСымапМинамат конвенциясыБУУ