​Алтынбек Торутаев бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Жаңылыктар

Алтынбек Торутаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Өкмөткө караштуу бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Алтынбек Торутаев буга чейин бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Буга чейин бул мекемеде төрага болуп иштеген Алмаз Оңолбеков кызматынан бошотулду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

.

Жаңылыктарбажы кызматыАлтынбек ТорутаевтөрагадайындооМухаммедкалый АбылгазиевАлмаз Онолбеков