​«Дордойдогу» өрттөн кийин эки киши медиктерге кайрылды

  • 5 лет мурун

«Дордой-1» жаңы конушундагы өрттө жапа чегип эки киши медицина кызматкерине кайрылды. Аларга алгачкы жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өтүнүчү менен «Дордой-1» жана «Энесай» конуштарында электр энергиясы өчүрүлгөн.

4-августта кечинде «Дордой-1” конушунун 10-көчөсүндө кампадан өрт чыккан.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Өрттү өчүрүүгө төрт бөлүм тартылды. Кийинчерээк дагы эки бөлүм барган.

Болжол менен саат 19:30 да башталган өрт 21:53 тө чектөөгө алынган. Андан кийин толук өчүрүлгөн.

Өрттүн себеби иликтенүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты