​АКШда эки кол салуудан 29 киши каза тапты

  • 5 лет мурун

АКШ президенти Дональд Трамп Техас жана Огайодогу ок атуунун курмандыктарын эскерүү үчүн жекшемби күнү Акүйдөгү, америкалык мекемеишканалардагы тууну түшүрүүгө буйрук берди.

13 сааттын ичиндеги эки кол салуунун жыйынтыгында 29 киши каза тапты, ондогону жаракат алды.

CBS телеканалы полицияга шилтеме берүү менен Чикаго паркындагы атышуудан жети киши жараат алганын кабарлады.

Белгисиз киши балдар аянтчасында ок атып, андан соң автоунаа менен из жашырган.

Андан бир нече саат мурун Огайо штатынын Дейтон шаарындагы кол салуудан тогуз киши набыт болду, 27си жаракат алды. Полиция кол салуучуну атып өлтүрдү. 24 жаштагы Коннор Беттс жалгыз аракеттенгени айтылууда.

Анын эмне себептен бул кадамга барганы белгисиз. Шектүү социалдык түйүндөрдө өзүн коомдук колледждин психология боюнча студенти катары сыпаттап келген.

Ишембиде Техас штатындагы Эль-Пасо шаарында «Walmart» дүкөнүнүн жанындагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны жыйырмага жетип, дагы отузга чукул адам жараат алды.

Шектүү катары кармалган 21 жаштагы Патрик Крузиус кылмыш жасаардын алдында социалдык тармактарга расисттик көз караштагы «манифест» жарыялаганы иликтенип жатат.

Associated Press агенттиги, USA Today гезити жана Түндүк-Чыгыш Университети маалымдагандай, жыл башынан бери 22-жолу массалык киши өлтүрүү катталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты