«К-water» компанияcы кандай сунуш киргизди?

  • 5 лет мурун

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Ысык-Көл» эл аралык экономикалык форумунун алкагында суу ресурстары боюнча «К-water» корей компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан жана Кореянын заманбап смарт-технологияларды колдонуу менен тазалоо, ирригация тутумдарын өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуу келечеги талкууланды.

Муну менен катар компания өлкөлөр ортосунда маалыматтык технологиялар жаатында адистерди окутуу жана заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү мүмкүндүгү менен тажрыйба алмашууну сунуштады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты