Абылгазиев Казакстанда жол кырсыгында каза тапкан кыргызстандыктардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Кызылордо облусунда жол кырсыгында каза тапкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигине Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жабыркагандарга жана каза болгондордун туугандарына жардам көрсөтүү, анын ичинде набыт кеткендердин сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча 2019-жылдын 1-августунда Казакстандын Кызылордо облусунун Кармакшин районундагы «Батыш Кытай – Батыш Европа» унаа жолунда «Тойота-Естима» маркасындагы унаанын жана «Мерседес Бенц» жүк унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Анын кесепетинен алдын ала маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын беш жараны 1974-ж.т. А.К., 1978-ж.т. С.Н., 1983-ж.т. А.Т., 1991-ж.т. М.У., 2001-ж.т. К.А. көз жумган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кармакшин райондук ооруканасына ар түрдүү жаракаттары менен КРнын үч жараны 1992-ж.т. У.А., 1992-ж.т. М.М. жана 1998-ж.т. К.А., жаткырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты