​Казакстанда жол кырсыгынан Кыргызстандын беш жараны каза тапты

Жаңылыктар

Казакстанда 1-августта жол кырсыгынан Кыргызстандын беш жараны каза тапты. Дагы үчөө жабыркап, ооруканага жатты.

Бүгүн, 1-августта, бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаменти билдирди.

Алматы шаарындагы башкы консулдуктун маалыматына ылайык, 1-августта Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун Кармакшин районунда "Тойота-Естима" унаасы менен "Мерседес-Бенц" жүк ташуучу унаасы кагылышкан.

Алдын-ала маалымат боюнча жол кырсыгынан кыргызстандык беш жаран каза болгон.

Каза тапкандар: А.К., 1974- жылы туулган, С.Н., 1978 -ж.т., А.Т., 1983- ж.т., М.У., 1991- ж.т., К.А., 2001- жылы туулган.

Аларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ар кандай жаракат менен Кыргызстандын үч жараны Кармакщин райондук ооруканага жаткырылды.

Алар: У.А., 1992- ж.т., М.М., 1992 -ж.т. жана К.А., 1998- жылы туулган.

Алматыдагы башкы консулдуктун кызматкерлери окуя болгон жерге кетишти. Алар каза болгон жана жабыркаган жарандардын жакындарына, туугандарына консулдук жана укуктук көмөк көрсөтүшөт.

ЖаңылыктарКыргызстанТИМКазакстанКызыл-ОрдоКармакшинкыргызстандыкбешөө каза тапты