​Сооронбай Жээнбеков кыргызстандык мигранттарды колдогону үчүн Путинге ыраазычылык билдирди

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта, чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйынында кыргызстандык мигранттарды колдоосу үчүн Россиянын Президенти Владимир Путинге ыраазычылык билдирди.

«Россияда эмгектенип жаткан биздин жарандарыбыздын акыбалы бир топ жакшырды.
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путиндин жеке колдоосунда жарандарыбызга миграциялык жеңилдетүү жана „кара тизмеден“ чыгаруу мүмкүнчүлүгү берилди.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү менен Россияда иштөөгө шарт түзүлдү. Россиядагы мекендештерибизге көрсөткөн жеке колдоосу үчүн Россия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путинге мүмкүнчүлүктөн пайдаланып дагы бир ирет ыраазычылыгымды билдирип кетем» деп белгиледи мамлекет башчы.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдары Россия менен кызматташуунун бардык багыттарында активдүү динамика байкалып, тыгыз жана ишенимдүү саясий диалог калыптанып, жылдан — жылга бекемделип жатканын кошумчалады.

1-2-августта Бишкекте чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кенештин биринчи жыйыны болуп өттү.

Анын ишине Россия, Казакстан, Катар, Түштүк Корея, АКШ, Украина, Бириккен Араб Эмираттарынан келген мекендештер катышты.

Сүрөт : Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты