​Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

  • 5 лет мурун

Өкмөткө караштуу Жер ресурcтары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-августта, кол койду.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Жер ресурcтары боюнча мамлекеттик агенттиги жер ресурстарын жана жерге болгон укуктарын натыйжалуу башкаруу, жер ресурстары жана кыймылсыз мүлк боюнча толук кандуу геомаалыматтык тутумду түзүү, жер мыйзамдарын колдонуу жана сактоодо бирдейлигин камсыз кылуу, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого байланыштуу топографиялык-геодезиялык жана жерге орноштуруу иштерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо максаттарында түзүлгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты