Темир жолчулар кесиптик майрамын белгилөөдө

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев темир жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

«Туура 95 жыл мурда, 1924-жылы 8-августта Пишпек станциясына биринчи каттам келгендигин кубануу менен белгилөөгө болот.

Ушул күндөн тартып Кыргыз темир жолунун тарыхы башталат, ал биздин мамлекеттин тарыхый окуялары менен тыгыз байланышта» деп айтылат өкмөт башчынын куттуктоосунда.

Андан ары Абылгазиев кыргыз темир жолунун беш миң адамдан турган жамаатын куттуктады.

«90-жылдардагы өткөөл мезгилдин кыйын шарттарында ушул тармактын жумушчуларынын берилгендиги жана эмгекчилдиги аркылуу гана темир жолду сактап калууга мүмкүн болду.
Учурдан пайдаланып, Кыргыз темир жолунун 5 миң адамдан турган жамаатына ишиндеги чоң ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ден соолук каалайм! Майрамыңыздар менен!»- деп айтылат куттуктоодо.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты