​Июль айында салык пландан ашык чогултулду

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик салык кызматы июль айында 6 млрд 747,1 млн сом суммасында салык жана төлөмдөрдү чогултуп, белгиленген план 102,2 %га аткарылды.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылдын июль айына салыштырмалуу салыктардын түшүшү 754,4 млн сомго өстү.

Ушул эле мезгилде 2 млрд 512,5 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшкөн каражат 266,2 млн сомго өстү.

Алты айдын жыйынтыгы боюнча толугу менен чогултулбай калган салыктардын (1 млрд 517,4 млн сом) жана камсыздандыруу төгүмдөрдүн (750,1 млн сом) суммасы июль айындагы пландын ашыгы менен аткаруунун эсебинен салык боюнча 147,1 млн сомго жана социалдык төгүмдөр боюнча 79,7 млн сомго кыскарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты