​Кыргызстанда виза талаптары жөнөкөйлөтүлдү

  • 5 лет мурун

Өкмөт 1-августта кабыл алган токтомго ылайык, Кыргызстанда жеңилдетилген виза режими киргизилген өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилди.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Кеңейтилген тизмеге Алжир, Бангладеш, Египет, Индия, Иордания, Ливан, Марокко, Непал, Пакистан, Тунис, Шри-Ланка кирди.

Виза берүүнүн жеңилдетилген тартибинин киргизилиши Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн меймандарды тартууга өбөлгө түзөт.

Булуңдагы өлкөлөргө авиарейстер ачылып жаткан учурда бул өзгөчө актуалдуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыштын өнүккөн араб өлкөлөрүнүн резидент-жарандары үчүн жеңилдетилген виза режимин киргизген аймактагы алгачкы өлкө болуп калды.

Өкмөттүн токтому 11-августта күчүнө кирет, -деп билдирди ТИМ маалымат департаменти.

Эскерте кетсек, депутаттардын демилгеси менен 60 күнгө визасыз катташуу мөөнөтү 2025-жылга чейин узартылган. Ошондой эле 55 өлкөнүн тизмесинен үчөө – Болгария, Румыния, Кипр алынып салынды.

Кыргызстанда кайсы өлкө жарандарына визасыз режим киргизилгени тууралуу бул шилтемеде:

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты