​Өзбекстан кыргыз ишкерлери үчүн 100 миллион доллар насыя берет

  • 5 лет мурун

Өзбекстан Кыргызстанга 100 миллион доллар өлчөмүндө насыя берет.

Бул тууралуу өлкөнүн экономика министри Санжар Муканбетовдун айткандарына таянып жергиликтүү ЖМКлар билдиришти.

Маалыматка караганда, бул кредиттик линияны ачуу тууралуу эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы күзүндө макулдашкан.

«Насыя Кыргызстандын ишкерлерине берилет, контрбанк катары «Айыл банк» тандалды. Биз бул каражат жүн жана терини кайра иштетүү менен алектенген ишкерлерге берилсин деп сунуштап жатабыз», — деди Муканбетов.

1-августта Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек өкмөт аралык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында үч документке кол коюлган. Алар айыл чарба тармагында кызматташтыкты өркөндөтүүгө багытталат.

Премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев менен Абдулла Арипов айыл чарба азыктарынын импорт-экспорту, өсүмдүктөрдүн карантини, лизинг жана Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди алуу маселелерин талкуулап, бул багытта «жол картасын» бекитишти.

Кыргызстандын айыл чарба мекемесинин маалыматына караганда, Кыргызстан Өзбекстандан жылына 100 миң тонна жер семирткич сатып алат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты