​Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңеш жыйыны уланат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 2-августта, Бишкек шаарында Президентке караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин биринчи жыйыны уланат. Жыйын Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өтөт.

Бул жөнүндө президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Анда миграциялык саясаттын Концепциясы, «Мекен-карт» демилгеси жана мекендештердин өлкөбүздү өнүктүрүүгө инвестициясы жана катышуусу үчүн экономикалык, финансылык инструменттерди түзүүгө багытталган «Мекеним» программасынын долбоору талкууланат.

Андан тышкары, миграциялык саясаттын башка маселелери да талкууланат.

Аталган кеңеш жыйыны кечээ, 1-августта, ачылган.

Анын ишине Россия, Казакстан, Катар, Түштүк Корея, АКШ, Украина, Бириккен Араб Эмираттарынан келген мекендештер катышууда.

Кечээ, 1-августта, кеңештин жыйыны алкагында мекендештердин мамлекеттик органдар менен жолугушту жана күн тартибине ылайык секцияларда иштеди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты