​Кыргызстан менен Өзбекстан соода жүгүртүүсүн 1 млрд долларга жеткирүү боюнча иш жүрүүдө

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта, Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде чек ара, энергетика, аймактар жана парламенттер аралык кызматташуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча тараптардын ишин канааттануу менен белгиледи.

Абдулла Арипов президенттер тарабынан белгиленген эки өлкө ортосундагы бардык маселелер, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсүн 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча да өкмөттүк деңгээлде иш жүргүзүлүп жатканын айтты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты