​Сириядан 150 кыргызстандык алынып келинет

Коомдук ишмер Кубанычбек Токтосунов бүгүн, 1-августта, маалымат жыйында Сириядан 150 кыргызстандык алынып келинээрин билдирди. Анын айтымында, бул миссияны ишке ашыруу үчүн бир нече жеке ишкерлер биригип, каржылоону мойнуна алышкан.

Кубанычбек Токтосунов: “Бул иште саясат жок”

Кубанычбек Токтосунов бул иште эч кандай саясат жок экендигин билдирди:

-Көптөгөн жарандарыбыз ал жакка ар кандай себептерден улам барып калышкан. Бирөө азгырууга кабылса, бирөө кайда баратканын билген эмес. Тилекке каршы, эркектерден сырткары алданып калган көптөгөн аялдар кеткен. Алар, албетте, өзү менен чогуу балдарын алып кетишкен.

Ар түрдүү булактарда ал жактагы лагерлерде 1000ден ашык кыргызстандык бар деген маалымат бар. Мен дароо айтып коеюн, бул иште эч кандай саясат, дин, үчүнчү күчтөр жок. Публикага чыга бербеген, жөнөкөй эле жарандардын тагдырына кайдыгер карабаган адамдар чогулдук. Каржылоону толук өзүбүз мойнубузга алабыз,-деди Токтосунов.

Айзада Деркембаева: “Алып келүүгө өзүбүздүн ресурстарыбыз бар”

Аталган топтун дагы бир мүчөсү Айзада Деркембаева бул ишти аткарууга ресурстары жетиштүү экендигин айтты:

-Бул боюнча атайын топ түзүлдү. Коомдук уюм, кыймыл деп айтсак болот. Өзүбүздүн так жана толук ресурстарыбыз бар. Шарттар дайындалып жатат.

Эгерде аман-эсен барсак, чек арадан кыйынчылыксыз алып келсек, аларды калыбына келтирүүчү борбор түзөбүз. Алдыда ушундай миссия бар. Статистикага таянсак, жалпы жолунан Борбордук Азиядан 4000ден ашуун жаран бар. Анын ичинен 1000ге чукулу кыргызстандык, алардын дагы 400ү балдар жана аялдар. Ал жерде шарттар адам чыдагыс,-деп билдирди Деркембаева.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кубанычбек Токтосунов Жакынкы Чыгыштагы жеке байланыштары аркылуу сүйлөшүүлөрду жүргузүп, 150 жаранды сентябрь айында алып келүүнү пландап жатышканын билдирди.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты