Бакиевди мактаган телеканалдар жетекчилери Нурланбек Шакиев менен Бекболот Келдибеков УКМКга чакыртылды

  • 5 лет мурун

УКМК органдары тарабынан «New TV» жана «NUR TV» телерадио компанияларынын жетекчилери Нурланбек Шакиев жана Келдибеков Бекболот Ахматбекович профилактикалык маекке чакырылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Нурланбек Шакиевге жана Бекболот Келдибековго мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу чагымчыл видео материалдарды жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыюу салуу боюнча расмий эскертүү жарыяланды.

Айтылган жетекчилер эскертүүгө түшүнүү менен карап, алдыда мындай иш аракеттердин кайталанбастыгына милдеттенме алышты.

УКМК «Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгонун» белгилеген.

Курманбек Бакиев 2005-жылы бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин качып кеткен.

Учурда Беларуста жашайт.

30-июлда Кыргызстандын НьюТВ жана НурТВ телеканалдарында аны жактап, куттуктаган тасмалар көрсөтүлдү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты