​Аткаминер Абдыкалык Рустамов пара менен кармалды

  • 5 лет мурун

30-июлда 2 000 АКШ долларын алып жаткан учурда КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов жана анын жардамчысы кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Рустамов жана анын жардамчысы чет элдик жарандан Ысык-Көл токой чарбасында Ананьево айылындагы жер фондунан 5 га жер участогун берүүдө оң чечим чыгарып берүү үчүн пара талап кылган.

Кармалган адамдарды тинтүүдө ар биринде пара катары алынган 1 миң АКШ доллары табылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси боюнча катталды.

Кармалгандар УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты