​Жээнбеков: «Атамбаевдин иши мыйзам алкагында чечилүүгө тийиш»

  • 5 лет мурун

«Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш» деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков кечээ, 31-июлда, Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда, элдин суроосуна жооп берип жатып.

«Учурда кыргызстандыктарды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаалга карата менин көз карашым кызыктыраарын билем.

Анын айланасындагы акыркы окуялар, күбө катары суракка чакырылып жатканы — бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деп айтат элем. Мыйзамдуу өлкөдө мыйзамдын алкагында гана иш-аракеттерди жүргүзүү керек.

Кандай гана адам болбосун — мурдагы президентпи, чиновникпи, аскер кызматкериби, же катардагы кызматкерби — мыйзам баарына бирдей болуп, ар бирибиз ага баш ийишибиз керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт. Атамбаевдин иши дагы Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш. Менин көз карашым ушундай» деп белгиледи мамлекет башчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты