Өзбекстан премьер-министри Бишкекке келет

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 1-августта, Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапар менен келет.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлагандай, Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт аралык сүйлөшүүлөрү өтөт.

Абдулла Арипов менен Мухаммедкалый Абылгазиевдин соңку жолугушуусу 2018-жылдын декабрында өткөн. Анда кыргыз-өзбек өкмөт башчылары кызматташуу боюнча жол картасына кол коюшкан.

Соңку үч жылда Өзбекстан Кыргызстанга экспортун беш эсе көбөйттү. 2016-жылы коңшулар Бишкекке болгону 67 миллион долларлык товар жөнөтсө, 2018-жылы бул сумма 350 миллион долларга чукулдады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты