​Нарын-Баетов жолунда эки киши каза болду

  • 5 лет мурун

Нарын-Баетов унаа жолунда жол кырсыгынан 10 киши жабыркап, 2 киши каза болду.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 30-июлда саат 09:20 чамасында Нарын-Баетов унаа жолунун 35-чакырымында, Үгүт айылында «Тойота-Ипсум» жана «Ниссан-Сефиро» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 2 аял (1965-жылы туулган Д.Т. жана 2018-ж.т. Р. кызы А.) каза болгон жана 10 киши жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты