​Бакиевдин туулган күнү менен куттуктаган тасма жарыяланган каналдар катуу сынга кабылды

30-июлда “НьюТВ” жана “НурТВ” телеканалдарында учурда издөөдө жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевди жактап, куттуктаган тасмалар көрсөтүлдү. Тасма социалдык тармактарда катуу сынга кабылып, кээ бирлери телеканалдардын жабылышын талап кылып жатышат.

Ошого байланыштуу биз айрым адамдардын пикирин сурадык.

Каныбек Осмоналиев, мурдагы билим берүү министри:”Тарых баарын ордуна коёт”

2007-жылы Билим берүү министри болуп турган Каныбек Осмоналиев тарых баарын ордуна коёрун айтты:

Курманбек Бакиев 2005-2010-жылдары эл шайлаган президент болгон. Ал убагында кандай президент болду, кетип жатканда кандай трагедиялуу иштер болду, анын баарын тарых изилдеп, өзүнүн ордуна коет.

Ал кандай адам болсо дагы, анын жактоочулары, тарапташтары сөзсүз бар. Алар өздөрү билишет, 70 жылдыгын белгилешеби, 80 жылдыгын белгилешеби. Аны бир жолу тарыхтан чийип, өчүрүп, өрттөп жок кыла албайбыз да. Бирок Жогорку соту тарабынан ал кишиге абдан көп жылдык абакка сала турган өкүм чыккан.

Биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек да. Ар бир адам Конституциянын алдында бирдей. Анын ичинде Бакиев дагы. Сотко өзү катышып, өзүнүн айыптарына жооп берген болсо, анда бир башка кеп.

Ошондуктан мен куттуктоого кайдыгер эле карап, түшүнүү менен эле кабыл алдым. Мен ал киши менен учурунда иштешкем. Терс жактарын дагы, оң жактарын дагы билем.

Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеңештин депутаты: “Мактаса, анда туура эмес”

Алтынай Өмүрбекова Бакиевди мактагандары моралдык жактан туура эмес деген оюн билдирди:

Мен ал тасманы көргөн жокмун. Эгерде мактаган маанайда болсо, анда ал этикага дагы, моралга дагы жатпайт. Керек болсо жоопкерчиликке тартылышы керек. Канчалаган балдардын өлүмүнө себепкер болуп, чоң кылмыштар үчүн айыпталып, издөөдө жүрсө, анан ошондой тасма көрсөткөнү туура эмес.

Балким, сөз эркиндиги деп ЖМКга басым болбошу керек, каалаганын чыгара алат деп көрсөтүшкөндүр. Бирок мыйзамды дагы сыйлаш керек. Сот аларды күнөөлүү деп таап, азыр издөөдө жүрүшпөйбү. Моралдык жактан алып караганда деле бул туура эмес деп эсептейм.

Айзада Алиева, “Нур” телеканалынын жетекчиси:

“Нур” телеканалынын жетекчиси Айзада Алиева аталган тасманы Курманбек Бакиевдин классташтары бергенин билдирди:

  • Ал тасма жарнамалык негизде берилди. Коммерциялык бөлүмгө жарнамалык негизде классташтары беришкен экен. Ага байланыштуу жеке өзүмдүн пикиримди айта албайм.
  • Жарнамалык негизде канча сомго чыгардыңыздар?
  • Аны айта албайм. Коммерциялык бөлүм билет.

Ал эми “НьюТВ” каналынын жетекчилиги менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы президент Курманбек Бакиевди жактаган тасмаларды көрсөткөн маалымат каражаттарына эскертүү бергени белгилүү.

31-июлда УКМК тараткан билдирүүдө “Мындай мааламаттардын жана телевизиондук материалдардын авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт. Буга байланыштуу УКМК авторлорго коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет” деп айтылды.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.

УКМК «Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурун козголгон кылмыш иштери боюнча Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгонун» да белгиледи.

1-августта мурдагы президент Курманбек Бакиев 70 жашка толот.



Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты