​Илмияновдун соту 7-августка жылдырылды

  • 5 лет мурун

Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун соту 7-августка жылдырылды.

Анын себеби соттолуучунун айыптоо актысын колуна ала электиги себеп болду.

Бүгүн, 31-июлда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши карала баштаган.

Ал алдоо жолу менен 150 миң АКШ долларын мыйзамсыз алган деп шектелүүдө. Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өткөн жылдын 20- октябрында УКМКнын тергөө абагына камалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты