​Таласта көмөк чордон жаңыланууда

  • 5 лет мурун

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Талас филиалында 500 кВ Түлөбердиев ири көмөк чордону жаңыланууда.

Бул тууралуу улуттук электр тармагынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул көмөк чордон Талас районунун Талды-Булак айылында, деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан.

Ал Талас облусун электр энергиясы менен камсыздайт. Реконструкция иштери көмөк чордондун транзиттик схемасын түзүү максатында жүргүзүлүүдө.

Эми Түлөбердиев көмөк чордону Токтогул ГЭС 500 кВ аба чубалгысынан жана Фрунзе көмөк чордонунан азыктандырылат.

Бүгүнкү күндө куроо иштери аяктады, жаңы жабдууларды орнотуу үчүн фундамент куюлуп, бетон жана темирден орундары даярдалууда.

Жаңы өчүргүч, бөлүштүрүүчү жана 500 кВ өлчөөчү трансформаторлор орнотулууда.

2020-жылы релейлик коргоо жана автоматика жабдыктарын куроо пландары каралган.

Сүрөт: «Кыргызстан улуттук электр тармагынын» басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты