​Жээнбеков Назарбаев менен телефондон сүйлөштү

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 30-июлда, Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу cүйлөштү.

Бул тууралуу КР Президентинин расмий сайтында жазылды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жээнбеков жана Назарбаев кыргыз-казак кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулашты.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта бийликтен кеткендигин жарыялаган.

Нурсултан Абишевич дээрлик отуз жыл бою Казакстанды башкарган.

Нурсултан Назарбаев «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон калды.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты