​Гемодиализ кызматын көрсөткөн жеке клиникалар кошумча нарк салыгынан бошотулат

  • 5 лет мурун

Гемодиализ кызматын көрсөткөн жеке клиникалар кошумча нарк салыгынан бошотулат.

Сооронбай Жээнбеков «Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 26-июнда кабыл алынган.

Аталган мыйзам менен Салык кодекси 2515-берене менен толукталды, ага ылайык жеке менчик медициналык уюмдар тарабынан бөйрөктүн терминалдык баскычтагы өнөкөт жетишсиздиги бар адамдарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү кошумча нарк салыгынан бошотулат.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 12 менчик медициналык уюмда 1336 бейтап гемодиализ кызматын колдонуп жатат.

Ошол эле учурда гемодиализ процедурасына муктаждар көбөйүүдө.

Салык жеңилдиктерин берүү менчик медициналык уюмдарга гемодиализ аппараттарынын паркын, көмөкчү жабдууларды жаңылоого жана медицина кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга өбөлгө болот.

Ошондой эле мамлекеттик медициналык мекемелерде адамдын өмүрү үчүн маанилүү болгон адистешкен медициналык жардам көрсөтүүгө муктаж болгондорду азайтууга мүмкүндүк берет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты