Сууга аккан кыргыз чек арачынын сөөгү Өзбекстандан табылды

  • 5 лет мурун

Суу агызып кеткен кыргызстандык чек арачынын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды.

Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда, Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

№2030 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер 19-июлда Ак-Булак дарыясына сыйгаланып түшүп кеткен.

Аны Кыргызстан жана Өзбекстан куткаруучулары издеген.

Суу жоокердин сөөгүн окуя болгон жерден 11 чакырым алыс агызып кеткен.

Жоокердин сөөгүн Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери таап, Кыргызстанга өткөрүп беришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты