Бишкекте ​200 дөн ашык таксист патентсиз иштеген

  • 5 лет мурун

Салык кызматы Бишкекте бир жуманын ичинде патенти жок иштеген 200дөн ашык таксистти аныктады.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Салык кызматы Бишкек шаарынан бир жуманын ичинде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге патенти жок иштеген 200дөн ашык такси айдоочуларын аныктады.

Алсак, жеңил унаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш жүргүзгөн (такси кызматы) 520 субъектке рейддик салык көзөмөлү жүргүзүлгөн.

Анын ичинен 221 айдоочунун экономикалык иш жүргүзүүгө патенти жок болуп чыкты.

Рейддин жыйынтыгы боюнча 194 субъектке патент берилип, 27 субъектке административдик айып салынды.

Сүрөт: Салык кызматынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты