Кыргызстанга КМШ, Балтия жана Грузиядан болочок сүрөтчүлөр чогулат
- 5 лет мурун
Эртең, 31-июлда, Кыргызстанга КМШ, Балтика боюндагы мамлекеттерден жана Грузиядан көркөм сүрөт окуу жайларынын студенттери, болочок сүрөтчүлөр чогулат.
31-июлдан 8-августка чейин жаштар Ысык-Көлдүн чет жакаларында саякаттап, чыгармачыл ишин улантышат.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мындай долбоор Кыргызстанда бешинчи ирет уюштурулуп жатат. Долбоордун автору — Дамира Алышбаева.
Муну бөлүшүү