​Солтон-Сарыда өлгөн мал үчүн кытай компаниясы компенсация төлөп берет

  • 5 лет мурун

Солтон-Сары жайлоосунда өлгөн мал үчүн кыргыз-кытай Jhong ji Mining компаниясы компенсация төлөп берет.

Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мамлекеттик комитеттин жетекчилиги компания өкүлдөрү менен жолугуп, бир пикирге келишти.

Жардыруу иштери жумасына 2-3 жолудан ашык болбойт деп убада беришти. Жардыруу алдында элге алдын-ала кабарлап турмай болушту.

Мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов аталган кытай компаниясына жапырт кырылган мал үчүн компенсация төлөп берилсе, компания тууралуу эл арасында жакшы пикир жаралмак деп билдирген.

Компания сунушка макул болуп, кырылган малга компенсация төлөп бермей болду.

Лабораториялык экспертиза Солтон-Сарыда мал кен байлыкты иштетүүдөн эмес, 66%ы өпкө, боор жана ичегинин мите дарттарынан кырылганын аныктаган. Малга вакцина жасоо боюнча алдын-алуу иштери толук кандуу жасалган эмес деп табылган

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты