​9-сентябрда комуз күнү белгиленет

Жаңылыктар

Бүгүн, 29-июлда, Президент Сооронбай Жээнбеков ар жылы 9-сентябрды комуз күнү катары белгилөө тууралуу жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкта мындай деп айтылат:

"Азыркы шартта комуздун жаңы маанисин ачуу керек, ал кыргызстандыктардын көп түрдүү маданиятындагы биримдиктин символу болууга тийиш.

Кыргызстан элинин маданий интеграциясы коомдогу тынчтык, ынтымак жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизи болуп калат.

Ушуга байланыштуу Кыргызстандын этностук коомчулуктарынын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү үчүн салттуу музыканын ролун күчөтүү зарыл" .

Сурөт: Интернет булактарынан.

ЖаңылыктарКыргызстанБишкеккомуз күнүСооронбай Жээнбеуовжарлык