​Тажик Президентинин сапары соңуна чыкты

  • 5 лет мурун

Кечээ, 28-июлда, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон иш сапарын жыйынтыктап, Кыргызстандан учуп кетти.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Эмомали Рахмонду Президент Сооронбай Жээнбеков узатты.

Тажикстандын Исфара шаарындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү Чолпон-Ата шаарында улантышты.

Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси талкууланды.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты