​Чолпон- Атада эл аралык экономикалык форум өтөт

  • 5 лет мурун

2-августта Чолпон-Атадагы “Газпром” комплексинде “Санарип Кыргызстан: Аймактарды өнүктүрүү келечеги” аттуу эл аралык VI экономикалык форум өтөт.

Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага эл аралык жана жергиликтүү инвесторлор, IT коомчулугунун, бизнестин, мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюмдардын, ЖМК өкүлдөрү катышат.

Форумдун негизги темасы Кыргызстандагы санарип темасы болуп саналат.

Иш-чараны Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитети жана ага «Digital CASA – КР» долбоору өнөктөш болуп өткөрөт.

Форумга [email protected]. аркылуу катталууга болот. Кененирээк маалыматты 0312 623845 телефону аркылуу ала аласыздар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты