​«Оймо» фестивалы өтүп жатат

  • 5 лет мурун

Бишкекте «Оймо» фестивалы өтүп жатат. Ал Чолпон-Атада уланат.

Бишкек шаарында 25-28-июль күндөрү “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанындагы Курманжан Датка аянтында, “Эмен багы” галереясы, КР сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында, Айтиев атындагы Улуттук Көркөм өнөр музейинде өтөт.

Ал эми, Чолпон-Ата шаарында 30-июль-4-август күндөрү Экоборбордун маңдайындагы парктык аймак, Ысык-Көл районунун акимиатынын жыйындар залы, Чолпон-Ата шаарынын тарыхый-край таануучу музейи, экоборбордун имаратында өтөт.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма соз кызматы билдирди.

“Оймо” эл аралык фестивалы маданий мурастарды сактоо, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү максатында өтүп келет.

Фестивалга кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, КР этникалык диаспораларынын өкүлдөрү, студенттер, жаштар, балдар, Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларынын тургундары жана меймандары катышат.

Иш- чара КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Туризм департаментинин колдоосу менен, кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча Борбордук Азия Ассоциациясынын «CACSARC-kg» Кыргызстандагы ресурстук борбору тарабынан уюштурулуп келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты