Екатеринбургда кыргыз диаспора жетекчисинин өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды

  • 5 лет мурун

«Комсомольская правда» гезити укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Екатеринбургда кыргызстандык ишкер Камчыбек Каримовдун өлүмүнө шек саналып жаткандардын бири кармалганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн аты Зарылбек жана ал Кыргызстанда туулуп-өскөн.

Күч органдары аны Челябинск облусунун Коркино шаарында кармап, күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө бергени айтылды.

Ал ошол күнү автоунаанын айдоочусу болгон. Шектүү буга чейин карактоо беренеси менен соттолуп, өткөн жылы октябрь айында эркиндикке чыккан.

Каримовго кол салган үч киши окуя болгон жерге жакын үйдүн камерасына түшүп калган. Алар маркумдун баштыгындагы 19 млн. рублди алууну максат кылышкан.

Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын башчысы, ишкер, 54 жаштагы Камчыбек Каримовду быйыл 2-июлда үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Анын ичине, бутуна ок тийип, «Тез жардам» келгенде каза тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты