​Жакынкы күндөрү күн катуу ысышы күтүлөт

  • 5 лет мурун

26-29-июлда жана 1-3-августта абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 27-июлдан 3-августка чейин 39-41°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш кабар таратты.

Мындай кургак жана ысык аба ырайында организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн, күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты