​Президенттер чек ара кесилишинде жолугушту

  • 5 лет мурун

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасынын кесилишинде жолугушту.

Бул тууралуу Озоди радиосу билдирди.

Алар чек ара боюнда отурукташкан эл менен баарлашты. Мамлекет башчылар андан кийин Исфарада жолугушат.

Андан кийин Чолпон-Ата шаарында жолугушууну улантаары белгилүү болду.

Кыргызстандын Президентин вице-премьер Жеңиш Разаков, Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков коштоп жүрөт.

Буга чейин бүгүн Жээнбеков Ак-Сайдын тургундары менен жолугушкан.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты