​Бишкектин экс-мэрлер сот отуруму жабырлануучу тараптын катышуусуз өттү

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 26-июлда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбордун экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун соту уланды.

Сот отурумунда шаардын мурдагы жетекчилеринин адвокаты Сергей Слесарев соттон жабырлануучулардын сот отурумуна катышуусун камсыздап берүүнү суранды.

“Сот жабырлануучуларды соттук отурумга алып келе албай жатат. Бул сот ишинин туура эмес уюштурулушу” деди Слесарев.

Такташа турган көп нерселер болсо да, соттук отурум жабырлануучу тараптын катышуусуз өтуп жаткандыгына жактоочу нааразылыгын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты