​Баткендин Ак-Сайынан убактылуу чыгарылгандар кайтып келишти

  • 5 лет мурун

Чек ара чатагынан улам Баткен облусунун Ак-Сай айылынан убактылуу көчүрүлгөндөрдүн баары үйлөрүнө кайтып келишти.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү билдирди.

23-24-июлда чыгарылып кеткен 674 киши бүгүн, 25-июлда, өз айлыына кайтып келди.

“Кыргыз жана тажик тараптын сүйлөшүүлөрүнөн кийин Ак-Сай-Ворух жолу ачылып, убактылуу чыгарылып кеткендер үйүнө келди. Ал жакта абал турукташты, бирок ИИМдин өкүлдөрү дагы эле ал жакта жүрөт» дешти.

22-июлда Кыргызстан жана Тажикстан жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын чыгышына тажиктердин Ворух айылынын жашоочуларынын айылдын кире беришине желек орнотушу себеп болгон.

Аксайдын жашоочулары флагштокко каршы чыгышып, ошондон эки айылдын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан.

Анын кесепетинен тараптардын бири курал колдонгон.

Бул чырда кыргызстандык 15 киши жабыркап, ооруканага түштү. Алардын 12си октон жарат алган, үчөөнө таш тийген

23-июлда тажик тараптан ок атылып, Кыргызстандын чек ара кызматкери жарадар болду.

Кыргыз — тажик чек арасындагы чырдан тажиктерден бир киши каза болуп, кеминде жетөө жаракат алды.

22-июлдагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча кылмыш иши козголду.

Эртең. 25-июлда, Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери жолугат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты