​Атамбаев Россияга барып Путинге жолукту. Саясат таануучулар бул кадамды кандай баалашты?

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен Москвада жолукту. Бул тууралуу kremlin.ru сайты жазды.

Жолугушуудан кийин Путин журналисттердин суроосуна жооп берди.

«Эч кандай сыр жок. Силер билесиңер, мен дайыма азыркы жана жогорку кызматын калтырып кеткен кесиптештерим менен байланышка ачыкмын. Ооба, мен Алмазбек Шаршенович менен жолуктум. Биз Кыргызстандагы жана аймактагы абал боюнча сүйлөштүк.

Мен өз позициямды ага жеткирдим. Кыргызстанды өнөктөш, жакын өлкө деп эсептейм. Өлкө буга чейин жетиштүү, тактап айтканда эки жолу ички саясий олуттуу толкунду башынан өткөрдү» деп Путин Кыргызстанга саясий туруктуулук керек экенин белгиледи.

Алмазбек Атамбаев 24-июлда Канттагы Россиянын авибазасы аркылуу учуп кеткен эле.

Марат Иманкулов: “Жолугушуу бийликтин макулдугу менен болду окшойт”

УКМКнын мурдагы төрагасы Марат Иманкулов жолугушуу бийликтин макулдугу менен болду деп эсептейт:

— Атамбаев Кыргызстанга келгенден кийин эч кандай деле чоң өзгөрүү болот деп ойлобойм. Ал андай өзгөрүүлөрдү жасай албайт. Ал эми Канттагы авиабаза менен барганы эч кандай деле эгемендүүлүккө доо келтирбейт. Ал учурдагы бийликтин макулдугу менен эле болду окшойт.

Россияга баргандан кийин ал Путинге жолукту, ал боюнча Путиндин оюн дагы уктум. Россия президентинин өлкөгө стабилдүүлүк керек дегенине кошулам. Биздин өлкөдө дестабилизация болсо, ал коңшу өлкөлөргө дагы таасир бериши мүмкүн.

Атамбаев андайга алып бара албайт. Анткени, эл азыр мурдагыдай эмес. Баарын көрүп- билип турат.

Ал кылмыштарын ушундай жол менен жаба албайт. Россияга барып, Путинге жолугуп келгени кылмыш ишин токтотпойт. Мыйзам баарына бирдей иштейт, мыйзам Атамбаевге дагы иштеши керек. Ал деле — Кыргызстандын жараны.

А бирок президент убагында кылмышка аралашпай, саясий чечим кабыл алган болсо, ал үчүн куугунтукталбашы керек. Эгерде кылмышка аралашкан болсо, анда жоопкерчиликке тартылышы керек. Бул — мыйзамдын дагы, элдин дагы талабы.

Бакыт Аманбаев :”Бийлик уят эле болду”

Экс-омбудсмен Бакыт Аманбаев бийлик уят болду деген оюн билдирди:

— Атамбаевдин Россияга сапарынан эки нерсени түшүнсөк болот.

Биринчиси, ал буга чейин Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийбей, куралданып алып, тарапташтары менен Кой-Ташка качкан адам. Атамбаев ири коррупциялык иштерге шектелген, чоң кримтөбөлдү өлкөдөн чыгарып кетүүгө шектелген адам.

Ошондой адамды өлкөдөн чыгарып ийген учурдагы бийлик, президент үчүн уят иш болду. Президент элдин көзүндө мурдагыдан дагы кадыры түшүп калды. Экинчиси, ири коррупциялык иштерге шектелип, өзүн Конституциядан, мыйзамдан жогору койгон адамды өзүнүн базасы аркылуу өлкөдөн чыгарып кеткен Путиндин бул иши, өлкөнүн ички саясатына кийлигишүүсү.

Экс-президент макамы алынып, кылмышка шектелип жаткан киши каалагандай өлкөдөн чыгып жатат. Мыйзам барбы, мамлекет барбы? Болбосо биз баш ийген өлкө экенибизди жарыялашыбыз керек.

Атамбаев Кыргызстанга келгенден кийин унчукпашы керек. Путин ага ушундай тапшырма берди. Эгерде мурдагыдай кадамдарын жасай берсе, бийлик чечкиндүү кадамдарга барышы мүмкүн. Азыр Атамбаевдин кадамынан Кыргызстандын ички саясатынын көз карандысыздыгы аныкталат.

Жанар Акаев: “Көз карандысыз мамлекет болушубузга далай жыл бар окшойт”

Жогорку Кеңеш депутаты Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасына мамлекеттин көз карандысыз болушуна далай жылдар бар деген оюн билдирген:

— Орусиядан бир эле “звонок” менен маселе чечилсе, эмнеге Кыргызстандын эн жогорку бийлик бутактары экс-президенттин макамын, айыбын элдин көңүлүн буруп эки жума талкууладык, сүйлөдүк дейм да. Абдан жаман прецедент түзүлдү!

Мындан ары ички саясий тирештер, оппозиция-позиция мамилесин чечиш үчүн бардык саясий күчтөр Москвага ачык эле чуркашабы? Мыйзам карапайымдар үчүн өзүнчө, саясатчыларга өзүнчө иштегени өкүндүрөт. Эгемен, көз карандысыз мамлекет болушубузга далай жылдар бар окшойт…

Абдывахаб Нурбаев: “Атамбаевдин Путинге жолукканын коомчулук жактырбады”

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахаб Нурбаев ички саясат иштерин мамлекеттин ичинде чечиш керек деген ойдо:

— Атамбаевдин Россияга барып, президент Путинге жолукканын коомчулук учурда жактырбай жатат. Мен деле ошого кошулам. Көз карандысыз мамлекетпиз десек, ички саясатты мамлекеттин ичинде эле чечишибиз керек.

Ал эми базаны колдонгону базага көө түшүрдү. Мындан ары ал базага муктаждык барбы же жокпу деген маселе жаратат. Ал эми Алмазбек Атамбаев өлкөгө келгенден кийин анын кылмыш ишин акырына чейин чыгарыш керек, эгерде күнөлүү болсо жоопкерчиликке тартылсын.

Асия Сасыкбаева, “Путин туура эле жооп берди”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева Путин туура эле жооп берди деп эсептейт:

— Бул балдар бакчасында эки бала уруша кетип, тарбиячыга барып арыздангандай эле болуп жатат. Тарбиячы экөөнө тең сөзүн айтат го. Биринчиси барып, кайра экинчиси барып келбедиби. Ошонусу менен өлкөнү көз каранды деп жарыялап коюшту. Бирок, Путин туура эле жооп берди. Бүгүнкү президент Жээнбеков болгондон кийин, ошо менен иштешкиле дегендей.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты