​Президент Жээнбеков чек ара коопсуздугу боюнча кеңешме өткөрдү

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, кошуна өлкөлөр менен кызматташтыкты өркүндөтүү, чек ара боюндагы райондордо жашаган өлкө жарандарынын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын эң башкы артыкчылыктарынын бири бойдон калаарын өзгөчө белгиледи.

«Бул маселелерди чечүү бийликтин бардык бутактарынын, аткаруу бийлигинин түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусун талап кылган комплекстүү милдет болуп саналат. Ошону менен катар алдын алуу чараларын, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек» деп баса белгиледи Жээнбеков.

Президент чек ара боюндагы айылдардын жана райондордун инфраструктуралык абалын жакшыртуу жана социалдык-экономикалык маселелерди чечүү зарылдыгына көңүл бурду.

Кеңешмеге Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, тийиштүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты