​80 тоннадан ашык бензанолду мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду

  • 5 лет мурун

Салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Чоң-Капка автожолу» көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан бензанолду мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду.

81,8 тонна бензанол алып келе жаткан 3 унаа кармалган. Импорттоочулардын салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты, коштомо кагазы болгон эмес.

Бул фактылар боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына (финполиция) өткөрүп берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты