​Кызыл-Кыяда сот аткаруучу пара менен кармалды

  • 5 лет мурун

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (финансы полициясы) Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын сот аткаруучусун пара менен кармады.

Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы маалымдады.

Финполицияга М.С. аттуу жаран кайрылып, сот аткаруучу кыймылсыз мүлктү камактан чыгаруу үчүн 10 % же 18 миң 600 сом пара доолап жатканын билдирген. Ага кошумча дагы 10 миң сом талап кылган.

Бул арыз Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берене, пара талап кылуу боюнча катталган.

23-июлда Кызыл-Кыя шаарынын сот аткаруучулар кызматынын ага сот аткаруучусу Ш.К. пара алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу камак жайына киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты