​Баткен-Исфана жана Исфара-Ворух жолдору ачылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 25-июлда, Баткен-Исфана жана Исфара-Ворух жолдору ачылды.

Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

Баткен облусунда чек ара чек арада күчөтүлгөн иш режими дагы эле өкүм сүрүүдө.

Кыргыз жана тажик чек арачылары чек арада биргелешип иш алып барууда. Ошондой эле эл арасында да биргелешип түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кыргызстандын Ак-Сай айылынан 600 дөй адам коопсуз жактарга чыгарылып кеткени маалым.

22-июлда Кыргызстан жана Тажикстан жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын чыгышына Ворух (ТР) айылынын жашоочуларынын айылдын кире беришине желек орнотуусу себеп болгон.

Бул чырда Кыргызстан тараптан 15 киши жабыркап, ооруканага түштү. Алардын 12си октон жарат алган, үчөөнө таш тийген.

23-июлда тажик тараптан ок атылып, Кыргызстандын чек ара кызматкери жарадар болду. Мамлекеттик чек аранын ал жеринде күчөтүлгөн иш режими киргизилди.

Тажик тараптан бир киши каза болуп, кеминде дагы жети киши жаракат алды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Баткен-Исфана жана Исфара-Ворух жолдору жабылган болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты