Ак-Сайдан коопсуз жайга чыгарылгандардын саны 600гө жетти

  • 5 лет мурун

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чырдан улам Баткен районунун Ак-Сай айылынан коопсуз аймакка чыгарылгандардын саны 600гө жетти.

Алар Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин, эки орто мектептин жана медресенин имаратына жайгаштырылууда.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

23-июлда Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим жолугуп, чек арадагы абал боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү.

Сүйлөшүү бүгүн, 24-июлда да уланат. Чек ара чырынан кийин жабылган Лейлек районуна кете турган Исфана-Баткен жолу азырынча ачыла элек.

22-июлда саат 17.20да Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын чыгышына Ворух (ТР) айылынын жашоочуларынын айылдын кире беришине желек орнотуусу себеп болгон.

Аксай айылынын жашоочулары флагштокко каршы чыгышып, натыйжада эки айылдын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан.

Анын кесепетинен тараптардын бири курал колдонгон.

Бул чырда Кыргызстан тараптан 15 киши жабыркап, ооруканага түштү. Алардын 12си октон жарат алган, үчөөнө таш тийген.

23-июлда тажик тараптан ок атылып, чек ара кызматкери жарадар болду. Мамлекеттик чек аранын ал жеринде күчөтүлгөн иш режими киргизилди.

Тажик тараптан бир киши каза болуп, кеминде дагы жети киши жаракат алды.

Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжал уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты